Валентина Шевченко Кочкорго барат

 Валентина Шевченко эртең, 26-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районуна барат. Бул тууралуу эмгек сиңирген машыктыруучу, Нарын облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди. Бул тууралуу Супер. кж жазды

Эртең, буюрса, Валентина Шевченко болуп Кочкор эли менен жолугушууга барабыз. Шевченко буга чейин дагы Кочкорго барып жүргөн. Кочкордо биздин спортчулар көп. Валентина Шевченко алар менен, Маданият үйүндө Кочкор эли менен жолугушуу өткөрөт. Андан кийин Кара-Суу айылына барып, тоо арасында чыныгы көк бөрүнү көрөбүз.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедовго ипподромдо заманбап көк бөрү көрсөтүлгөн. Мында болсо тоо арасында чыныгы көк бөрү көрсөтүлөт. Кочкордон ары Ысык-Көлгө жөнөйбүз”, – деди Токтогонов.