Жээнбеков, Нарымбаев жана Зулпукаров камакта калтырылды

Биринчи май райондук соту бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасына байланышкан ишин карады.

Жыйынтыгында экөөнө тең УКМКнын абагына 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечими чыкты.

Ошондой эле соттун чечими менен Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев да камакта калтырды.

Белгилей кетсек, алар Кумтөр ишине байланыштуу УКМК тарабынан кармалышкан.

Буга чейин Асылбек Жээнбековдун тарапташтары соттун алдында митингге чыгышкан.