Айрым мектептер аралыктан окууга өтөт

Белгилүү болгондой, шайлоо тилкеси жайгашкан билим берүү мекемелери 29-ноябрда, дүйшөмбү күнү дистанциялык түрдө окушат.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, мындай чечим алдыдагы шайлоого байланыштуу кабыл алынган.

«Шайлоо бүткөн соң, тагыраагы дүйшөмбү күнү мектепти дезинфекциялоо иши жүрөт. Мындан улам дүйшөмбү күнү аралыктан окуу чечими кабыл алынды», — деп билдиришти министрликтен.

Ал эми Бишкектеги айрым мектептер эртең, тагыраагы жума күнү да аралыктан окуу чимин кабыл алышкан.

Эске салсак, өлкөдө ЖК депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.