Чүйдө “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү


Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрдан 24-ноябрга чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү.


Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү бөлүмүнөн түзүлгөн 315ден ашык кызматкер иш-алып барышкан.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.16.37 Чүйдө “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү


Рейддин жүрүшүндө 2625 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, алардын ичинен 35 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга 13 000 сом түзгөн административдик протокол толтурулган. Андан сырткары 14 жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.16.36 2 Чүйдө “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү


Жарандар тарабынан өз ыктыяры менен 2 ок атуучу курал ИИОнун кызматкерлерине тапшырылга жана мыйзамсыз сакталган эки аңчылык сайсыз мылтыгы
Чүй облусунун ИИББы ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо, ошого тете
ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.16.36 1 Чүйдө “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.16.35 1 Чүйдө “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.16.35 2 Чүйдө “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Ошону менен биргеликте өз ыктыяры менен курал-жарактарын тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын билдиребиз.