ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз аялдарынын Ассоциациясы Аял милиционерлер ассоциациясы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2021-жылдын 15-20-ноябрында «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды камсыз кылууда аял кызматкерлердин катышуусунун өзгөчөлүктөрү» аталышындагы семинар-тренинг өткөрүштү.


Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар жана жыл сайын көбөйүп жаткан олуттуу көйгөй. Көйгөйдүн ушул өңүттө коюлушу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы азыркы кырдаалга байланыштуу, мында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндө иштеген ыйгарым укуктуу кызматкерлер чоң чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн болгон кырдаалдарды жоюуга жөндөмдүү жакшы коммуникаторлор катары иштешет.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.05.56 ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат


Бул окууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Акыйкатчы Аппаратынын, Башкы прокуратуранын, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери катышты. Семинардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери каралып, талкууланды.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.05.55 1 ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат


Иш-чаранын катышуучулары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун түрлөрүн талкуулоого активдүү катышып, пикирлери менен бөлүшүштү. Семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан мыйзамдык базаны өркүндөтүү, алдын алуу бөлүмдөрүнүн жана субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.05.55 ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат


Жыйындын жыйынтыгын чыгарып, эксперттер иш-чаралардын мерчемин белгилешти, аны ишке ашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жардам берет. Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү – өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Үй-бүлөдөгү зомбулук коомдо дагы зомбулукту жаратат.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 09.05.54 ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат


Семинардын соңунда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи – Алексей Рогов жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз аялдарынын Ассоциациясынын төрагасы –Айдаркул Каана семинардын катышуучуларына сертификаттарды тапшырышты.