Баткен милициясынын формасы текшерилди

Баткен облустук милиция кызматкерлерине саптык кароо өткөрүлдү


Бүгүн, 22-ноябрда Баткен ОИИБдин жетекчилиги өздүк курамга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата керектүү маалыматтарды берди.

WhatsApp Image 2021 11 22 at 12.43.21 Баткен милициясынын формасы текшерилди


28-ноябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоодо кызматкерлер арасында укук бузууларды алдын алуу, мыйзам бузуучулукка жол бербөө ошондой эле шайлоого аралашпоо боюнча бир катар эскертүүлөр берилди.


Милиция кызматкерлеринин шайлоо алдындагы кызматтарына канчалык деңгээлде даяр экени текшерилди. Бул текшерүүдө ар бир кызматкердин кийип турган формасы кышкы мезгилге даярдыгы, алып жүргөн кызматтык күбөлүктөрү да текшерүүдөн өткөрүлдү.


Шайлоо күнү Баткен облусунун аймагында жалпысынан 1200гө жакын милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барат. Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн кызматкерлер Баткен ОИИБ тарабынан чыгарылган чөнтөк китепчелер менен камсыз болушкан.

WhatsApp Image 2021 11 22 at 12.43.22 1 Баткен милициясынын формасы текшерилди

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы