Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”

Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”

“Альянс” партиясынын тең төрагасынын үгүт кербени бул жолу Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда уланды. Мирлан Жеенчороев жаш-кары дебей өзүн колдоп келген тургундарга ыраазычылык билдирип, алдыда саясий чоң сыноо күтүп турганын эскертип өттү. Ошондой эле өткөн жылы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганы үчүн, элдик толкундоолорго алып келгендигин кошумчалады.

IMG 20211121 140253 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”

“Өзгөчө шаардыктар, анын ичинде жаңы конуштардын тургундары былтыркы шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин көрсөтүп, аянтка чогулушкан. Биз, саясатта салмактуу орду бар лидерлер эл менен бирге макул болуп, көпчүлүктүн таламын талашып чогуу жүрдүк. Акыры 3 күндөн кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бир аптадан соң кайрадан чоң сыноого туш болобуз. Калктын кызыкчылыгын ойлобогон, элдин ырыскысына кол салган партияларды тандайсызбы же эл менен акылдашып иш алып барган, чынчыл адамдардан куралган партияга добуш бересизби? Татыктууларды шайлап алууга толук мүмкүнчүлүгүңүздөр бар, баары сиздердин колдо”, – деди Жеенчороев.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жаңы конуштун тургундары жергиликтүү көйгөйлөрүн ортого салышты. Өз кезегинде тең төрага Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган экенин айтып, бирок социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун өкмөткө сунуштап, алардын ишке ашуусун козомолдоого партиянын күчү жетээрин баса белгиледи. Муну менен бирге кыргызстандыктарды туура чечим кабыл алууга үндөдү.

АЛЬЯНС – 3 – БИР КҮЧ!
Мирлан Жеенчороев – 1

Булак

IMG 20211121 134440 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”
IMG 20211121 140100 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”
IMG 20211121 140423 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”
IMG 20211121 143635 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”
IMG 20211121 141320 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”
photo1637494824 1 Мирлан Жеенчороев, №1: “Бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”

Аткаруучу: ОО «Масс Медиа Групп»

Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 155

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы

Нускасы: 1

Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 21-ноябры

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).