Улукбек Марипов агасына добуш берүүгө медиктерди мажбурлаган

№5 Ноокат округунан талапкер Болотбек Мариповдун үстүнөн арыз түштү.

БШКнын жумушчу тобуна Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча №5 Ноокат округунан талапкер Болотбек Мариповдун үстүнөн арыз түштү. Бул тууралуу арыз ээси Мааданбек Таалайбек уулу Facebook баракчасына жазды. Ал президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылуу жасаган.

Мааданбек Таалайбек уулунун арызында талапкер Болотбек Мариповдун бир тууган агасы Улукбек Марипов менен атасы Асамидин Марипов үгүт иштерин жүргүзүп, медицина кызматкерлерин Болотбек Мариповго добуш берүүгө мажбурлап жатканы жазылган.

Жумушчу топ келип түшкөн арызды кароого киришкени айтылды.

izobrazhenie 2021 11 15 143537 Улукбек Марипов агасына добуш берүүгө медиктерди мажбурлаган