Прокуратура кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстандагы прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 2022-жылдын 1-январынан тарта жогорулайт.

Бул маалыматты президент Садыр Жапаров Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата бүгүн, 20-ноябрда уюштурулган жолугушууда билдирди.

Өлкө башчы айткан маалымат боюнча, учурда бул багыттагы жарлык даярдалып жатат. Ошондой эле турак жайлар, администрациялык имараттар курулуп, штаттык бирдиктер кошулат.

Ал эми прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекет үчүн так эмгектениши керектигин белгиледи.

«Кодекстерде мурдагыдай бир тараптын кызыкчылыгын көздөп тергөөнү атайын создуктуруучу ченемдер алынып, алардын ордуна конкреттүү мөөнөттөр белгиленди», – деди президент.