Темир Сариев камактан чыкты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камактан чыккандыгын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 20-ноябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Темир Сариевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарууга өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, Темир Сариев ушул жылдын август айында камалган. УКМК Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөнүн жана анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураганын билдирген.