Талас облусунда “Арсенал” рейди жүрүүдө


Талас оюлусунун жарандары милицияга ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырып жатышат.

WhatsApp Image 2021 11 17 at 14.49.48 1 Талас облусунда “Арсенал” рейди жүрүүдө

Учурда Талас облусунун аймагында “Арсенал” аттуу рейди өткөрүлүп жатат. Рейддин максаты облуста ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү.

Райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө атайын иш-мерчемдер түзүлүп, бөлүнгөн кызматкерлер эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, апрель окуяларында жана башка учурда жоголгон, уурдалган ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча алдын алуу иштери аткарылууда.

РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Бакай-Атадан 2 жаран сайлуу, Талас районунда 1 жаран сайлуу жана Талас шаарында 1 жаран сайсыз ок атуучу курал тапшырган. Рейддин учурунда жарандар өздөрүндө көптөн бери сакталып жүргөн ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда.

Ушундай тартипте милицияга өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды мыйзамга ылайык кылып каттоого жеңилдиктер болоору айтылууда.

WhatsApp Image 2021 11 17 at 14.49.48 Талас облусунда “Арсенал” рейди жүрүүдө


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.