Жалал-Абад эли жаркын келечекти “Эл Үмүтү” менен биргеликте курат

“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда. Алар бул сапар Жалал-Абад жергесинде болуп, эл менен жолукту.

Жалал-Абад эли менен болгон жолугушуу, тогуз жолдун тоомундагы Токтогул өрөөнүнөн башталды. “Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербенин” меймандос Токтогул эли жылуу маанайда, кучак жайып тосуп алышты.

image 11 1 Жалал-Абад эли жаркын келечекти “Эл Үмүтү” менен биргеликте курат

Эли талантка, жери шаңга бай, жаратылышы ажайып Токтогул жергесинде жаш, таза муундан куралган “Эл Үмүтү” партиясынын гимни жаңырып, эл менен жолугушууга барган партиянын талапкерлерине шаңдуу маанай тартуулашты.

Өз кезегинде эл алдына чыккан талапкерлер элге “Эл Үмүтү” партиясынын программасы, аны аткаруунун жолдору тууралуу айтып берип, өздөрү жөнүндө да кеңири маалымат беришти.

Талапкерлердин катарында Токтогул элинин сыймыктуу уулу, спорттун оор атлетика түрү боюнча Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада желбиретип, бир нече эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спорт чебери, оор атлетика боюнча Кыргызстан жаштар курамасынын башкы тренери болуп эмгектенген Элдияр Шатманов да бар.

Токтогул районунун эли менен болгон жолугушууда  жергиликтүү тургун Артыкбай Кыдыршаев элге кайрылып, добушубузду жаштарга берели. Партиянын курамындагылардын баары жаштар экен. Программалары менен тааныштырып, өлкөнү, элдин турмушун оңдойбуз деп жатышат. Жаштарга ишенип, мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ар бир нерсе жаңыланып, оңдолуп, түзөлүп турушу керек эмеспи. Жаштар – мамлекеттин келечеги. Андыктан жаштарды колдойлу. Жаштарды шайлап алалы – деген сөзүн айтты.

image 11 2 Жалал-Абад эли жаркын келечекти “Эл Үмүтү” менен биргеликте курат

Андан соң ат тизгинин Аксы, Ала-Бука, Чаткал эли менен жолугушууга бурган “Үмүт кербени” Ала-Бука районунда болду.

Жалындуу максат менен аттанган жаңы муундун  өкүлдөрүн чогулган эл жагымдуу маанайда тосуп алып, “Эл Үмүтү” партиясынын программасы, аткара турган иштери тууралуу маалымат алып, ошондой эле талапкерлердин таржымалы менен жакындан таанышты.

“Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Ала-Бука элинин уулу Бекзат Батырканов жолугушууда сөз сүйлөп, күндүн суугуна карабастан, талапкерлерди чогулуп күтүп алган элге ыраазычылыгын билдирди:

Ала-Бука, Чаткал району борбордон алыс жайгашып калганына байланыштуу кээ бир көйгөйлөр айтылганы менен, жогорку жактан көңүл жылытарлык көңүл бурулбай келет. Мисалы, Чаткал районунда алтын кендерин казуу иштеринде жакшы көзөмөл жок. Экологияга терс таасирин тийгизип, тоонун башынан түшкөн сууларыбыз булганып, аны жергиликтүү эл ичип жатасыздар. Шарты татаал Чаткал районунун жолу абдан тар, жай мезгили эл араң каттайт. Кыш мезгилинде кыймыл токтоп, жакшылык, жамандыкка каттай албай калышат. Ала-Бука районунун эли дыйканчылык менен жан сактайт. Сиздердин колдооңуздар менен депутат болуп келсек, эл үчүн иштеп беребиз. Кур убадаларга, кооз сөздөргө алданбаңыздар. Өлкөнүн келечеги сиздердин колуңуздарда”, – деп элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

Жолугушууга келген элдин арасында жаш талапкерлердин аракетин жогору баалап, аларга каалоо-тилек айткандар да көп болду. Алардын бири, Ала-Бука районунун тургуну Кенжебүбү Байымбетова: “Жаштар биздин келечек деп айтып келебиз. Эми айткан сөзүбүздү далилдеп, добушубузду жаштарга берели деп, элди жаштарга добуш берүүгө чакырат элем. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, эскилерден оозубуз күйүп, жалкыгандай эле болдук. Бул жолу эми эскилердин кооз сөзүнө алданбай, жаштарга ишеним арталы. “Эл Үмүтү” партиясындагы жаштардын ой-максаттарын уктук. Баарысы тең сүйлөгөнү орундуу, билимдүү жаштар экен. Жаштарды шайлап алалы”, – деп чогулган элди жаштарга добуш берүүгө чакырды.

Ала-Бука, Чаткал жана Аксы эли менен коштошкон “Үмүт кербени”  андан соң Кочкор-Ата шаарына  багыт алды. 

image 11 3 Жалал-Абад эли жаркын келечекти “Эл Үмүтү” менен биргеликте курат

Кочкор-Ата шаарында болгон жолугушууда “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Кочкор-Атанын кулуну Алмазбек Парпуваев алгач сөз баштап, “Эл Үмүтү” партиясын колдоп келген элге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал Ноокен районундагы негизги көйгөйлөргө токтолуп, парламентке барса ушул көйгөйлөр менен күрөшөрүн айтты.

“Мени бул жерде көпчүлүгүңүздөр тааныйсыздар, атам мугалим, апам врач болуп иштешет. Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, татыктуу тарбия алдым. Мен ушул жерде өсүп чоңойдум, айылдын көйгөйлөрүн жакшы билем. Туугандар, биз билимдүү, иштерман, жаратман талапкерлер “Эл Үмүтү” партиясына бириктик. Сиздердин тандооңуздар менен Кыргызстанды өзгөртүүгө, өнүктүрүүгө болот”, – деди ал.

Кочкор-Ата эли менен болгон жолугушуудан кийин “Үмүт кербени” Базар-Коргон районундагы күтүп жаткан эл менен жолугушууга жөнөдү. Базар-Коргон эли да талапкерлерди жаркын маанайда тосуп алып, партиянын программасы менен таанышып, саналуу күндөрдөн кийин боло турган парламенттик шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясына добуш беришерин жашырышкан жок. Эл менен болгон жолугушууда талапкер Шерзод Сабиров элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөп, партиядан партия тандаган саясатчы, чиновниктерди сынга алды. Ал өз сөзүндө буларга токтолду:

“Биз парламентке депутат болуп, мандат алып манчыркап жүрүш үчүн эмес, эл үчүн, мамлекет үчүн иштегени баратабыз. Биз өзгөрүүнү каалайбыз. Бурулуш жасагыбыз келет. Азыр көрүп жатасыздар, кечээ башка партия менен депутаттыкка барган талапкерлер, бүгүн башка партия менен бара жатышат. Алардын аң-сезими, ички туюму өзгөргөн жок. Алардын болгону көйнөгү өзгөрдү жана тандаган партиясы өзгөрдү. Ошондуктан добуш берүүдө өзүңүздөр кимдин-ким экенин таразалап, туура чечим чыгарып, татыктууларды тандайсыздар деп ишенем”, – деди.

Жолугушуунун соңунда Базар-Коргон районунун тургундары талапкерлерге ыраазычылык билдирип, ак бата берип, ийгилик каалап узатышты.

Базар-Коргон районунун эли менен болгон баарлашуудан кийин, “Үмүт кербени” Сузак районуна келип жетти. 

Аба-ырайынын сууктугуна, жааган жаанга карабай Сузактыктар талапкерлерди шаңдуу маанай менен тосуп алышты. Район тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, алар менен жакындан баарлашкан партия өкүлдөрү чогулган элге партиянын программасы тууралуу кеңири маалымат беришти.

Жолугушууда “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мухтар Артиков сөз сүйлөп, шайлоочуларга кайрылуу жасады: “Урматтуу туугандар, биздин максат – эски системадан арылып, жаңыланууга багыт алуу. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери канча жолу шайлоо өткөрдүк. Өлкөдө жакшы өзгөрүү болгон жок. Эгерде мен жалган сүйлөп жатсам айтыңыздар, алдыңыздарда турам. Сиздерге өтүнүч менен кайрылам, акчага, чайга, кооз сөздөргө, куру убадаларга алданбай, ушул шайлоодо добушуңуздарды “Эл Үмүтү” партиясына бериңиздер.” – деп, чогулган элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

Талапкерлердин сөзүнөн кийин, “30 жылдан бери эски саясатчылар эч нерсени өзгөрткөн жок. Татыктуу иштеген жок. Жаштар – өлкөнүн келечеги, булардын ой-максаттарын угуп Кыргызстан оңолот экен деген үмүттүн оту жанды. Эң негизгиси, “Эл Үмүтү” партиясы таза, билимдүү адамдардан куралганы көңүлүмө толду”, – деген Сузак районунун тургуну Мейликан Уметалиева элди алдыдагы шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясына добуш берээрин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Сузак районунун тургундары жаш болсо да эл аралап, өздөрүнүн программалары, курамы менен тааныштырып жүргөн “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерине ыраазчылык билдирип, ак бата берип, ийгилик каалап узатышты.

“Үмүт кербенинин” жыйынтыктоочу жолугушуусу Жалал-Абад шаарында болду. Жолугушууда партиянын катарындагы талапкер Динмухамед Алмамбетов элге салам жолдоп, партиянын программасынына кыскача токтолуп өттү.

Жалал-Абаддык туугандар, сиздер менен жүз көрүшүп, саламдашып жатканыбызга биз абдан кубанычтабыз. Биз бүгүн сиздерге партиябыздын программасы тууралуу айтып берели, өзүбүздү тааныштыралы деп келдик. Мен 37 жаштамын. 22 жыл аскер кызматында эмгектендим. Мени түйшөлткөн нерсе бул мамлекеттин коопсуздугу, элдин тынчтыгы. Азыр баарынан мурда коопсуздукка өзгөчө көңүл буруш керек болуп турат. Мисалы ушул күнгө чейин чек ара көйгөйү чечилбей келди. Жалал-Абад облусундагы көйгөйлүү маселердин бири бул чекара. Биз буга чейин Чаткал жана Ала-Бука райондорун кыдырып келдик. Чек ара орчундуу көйгөй экенин район тургундары да баса белгилешти. Эгер депутат болуп калсак, тышкы саясат, коопсуздук, чек ара боюнча сунуштай турчу мыйзам долбоорлорубуз даяр. Сиздердин бизге колдооңуздар эле керек. Эски саясатчыларды буга чейин шайлай берип, тажагандай эле болдуңуздар! Бул жолу жаңылбай “Эл Үмүтү” партиясына добушуңуздарды бересиздер деген терең ишеничтемин.” – деп сөзүн жыйынтыктады.

Жалал-Абад шаарындагы жолугушууну жыйынтыктаган “Үмүт кербени” жалпы Жалал-Абад элине ыраазычылык билдирип, кийинки сапарын улантуу үчүн Ош облусунан  багыт алды.

Эскерте кетсек, “Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” эл менен болгон алгачкы жолугушуусун Бишкек шаарынан баштап, Чүй облусунда, андан соң Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында уланткан.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 17 ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.