Бишкекте эмнеден улам күрөң кар жаады? Ден соолукка зыян эмеспи?

Бүгүн Бишкекте күрөң-кир өңүндө кар жааганын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Алардын жайгаштырган сүрөттөрүндө түшкөн кардын өңү адаттагыдан айырмаланып күрөң экендиги көрүнүп турат. Бул тууралуу BULAK.KG сайты көз карандысыз эколог Илья Домашовго кайрылып, себептерин сурап көрдү.  

“Бишкекте жааган күрөң карды көрдүм. Азыр жаап жаткан нымдуулук чогулган аймакта кандайдыр бир чаңдуу бороондор болгондой. Казакстан, Кытай же Өзбекстан өлкөлөрүнөн ошол чаңды чогултуп келип бизге жаап жатканы көрүнүп турат. Эгер, ал бир гана ыш менен түшкөн кар болсо, анда өңү жалаң эле кара болмок. Ышты жок деп айтууга болбойт, бирок, мындай нерсе бир гана ыштан болушу мүмкүн эмес.

Ден соолукка түздөн-түз зыяны жок. Тескерисинче кар жаап, ошол абадагы кирди алып түшүп жатканы жакшы”, – дейт Илья Домашов.

photo5235893072213161338 Бишкекте эмнеден улам күрөң кар жаады? Ден соолукка зыян эмеспи?
photo5235893072213161337 Бишкекте эмнеден улам күрөң кар жаады? Ден соолукка зыян эмеспи?

Эсиңиздерде болсо, ноябрь айынын башында Өзбекстандын Ташкент шаарында жана башка региондорунда катуу шамалдан улам, кургап турган жер кыртышынан чаң көтөрүлүп туман баскан. Бул тууралуу Узгидромет билдирүү тараткан.