Табылды Акеров: Өкмөт мыкты иштесе президентке эч ким сын айта албай калат

BULAK.KG сайты саясат таануучу Табылды Акеровдон Текебаев менен Байсаловдун талашы боюнча оюн сурап билди.

“Өкмөт мыкты иштесе президентке эч ким сын айта албай калат. Өкмөттүн колунан көп нерсе келет. Ошон үчүн ал өкмөт. Реформаларды тезинен жүргүзүп, элге ак кызматы менен иштесе, оппозицияны эч ким укпай калат.

Өзүңүздөр билгендей, соцтармактарда Кыргызстан “Мегаком” компаниясына байланыштуу Лондондогу эл аралык сотто утуптур деген маалымат тарап, бизди кубанткан. Мына ушундай иштерди, жыйынтыктарды көргөзүш керек.

“Ата Мекен” тубаса оппозициячыл партия. Аны баары билет. Буга чейин да бир нече жолу Өмүрбек Текебаев Жапаровдун бийлигине оппозицияда экенин жарыя кылып келген. Бирок, бүгүн андан башка да оппозициячыл партия катары көрүнгүсү келген партиялар да бар. Өз позицияларына ээ болгон айрым мындай партиялар бийликтен эгемен болууга умтулуп калганын көрсөтүүдө. Бул жакшы жышаан деп айтар элем. Бирок, ошол эле учурда кээ бирлери бийликчил катары көрүнүүгө да аракет кылып жатат. Негизи партиялар дайым эгемен саясат жүргүзүшү абзел. “Ата Мекендин” жеңиштеринин баары оппозициячыл позициясынан жазбагандыгынан улам болгон. Оппозициячыл партия бийликти чукуйт, реформаларга түртөт, иштетет”.

YouTube video