Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү

Орто Азия мамлекеттеринде ханайымдар коомчулукка такай эле чыга беришпейт. Негизинен алар расмий иштерде же болбосо иш сапарларында президенттердин жанында коштоп баргандыгын көрсөк болот. Ошондой эле биринчи айымдарды кандайдыр бир кайрымдуулук акцияларынын ачылышында алардын эле жетекчилиги астында байкай алабыз.

Мисалга алсак, Кыргызстандын президентинин жубайы аялдарды жана балдарды коргоо максатында атайын фонд ачкан. Ал эми кошуна Өзбекстандын ханайымы алгачы Эл аралык «Замин» аталышындагы кайрымдуулук фондун ачкан экен. Аталган фонддун максаты угуусу начар балдардын жашоосун жакшыртуу жана аларга жардам кылуу болуп саналат.

Ал эми Тажикстан менен Түркменистандын ханайымдары тууралуу эч бир маалымат жок, анткени ачык булактарда алар тууралуу маалымат табуу кыйын.

Кыргызстандын ханайымы Айгүл Асанбаева

1143451.ebf7ebc3ab277fce490a8355ad346532.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүль Асанбаева тууралуу учкай гана маалымат бар. анык болгондой, ал 48 жашта, Ысык-Көл облусунун кулуну. Анын атасы “Кумтөр” кенинде көп жылдар бою иштеген. Мектепти аяктагандан кийин Асанбаева Караколдогу медициналык окуу жайда окуган. Кийин Кыргыз Мамлекеттик Университетиндеги И.Арабаев атындагы педагогикалык факультетти аяктаган.

Бир маалыматтарга караганда Садыр Жапаровдун 5 баласы бар экендиги айтылса, башка маалыматтарда 4 баласы бар экендиги айтылат. Маектеринин биринде Асанбаеванын айткандары боюнча алардын 4 баласы бар, бирок алар Садыр Жапаровдун иниси жол кырсыгынан каза болгондо алар анын баласын багып алышкан.

a192bcb2eb60045967b2e0f2e8c628ed XL.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Садыр Жапаров жубайы жана балдары менен

Садыр Жапаров абакта жаткан мезгилде Асанбаева бийликке болгон каршылыгын ар дайым билдирип келген жана Массалык Маалымат Каражаттары аркылуу балдарды коргоп келгенин билебиз.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын атынан алар депутаттыкка ат салышкан. Бирок тизмеде анын ысымы Гүлнура — деп аталган. Асанбаеванын паспортундагы ысымы дал ушундай болуп жазылган. Жапаровдун жубайы ошол маалда аймактарды кыдырып, үгүт иштерине активдүү катышкан.

Ал «Үмүт булагы» аттуу кайрымдуулук фондун негиздеп, Кыргызстандын балдарын колдоп келет.

2021 08 01 22 38 15 865412.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Ортодо — президент, он жагында — Жанайым (кызы), жанында Айгуль колунда небереси менен, эки четинде Нурдоолот жана Рустам. Президенттин сол капталында уулу Рустамдын келини

Садыр Жапаров президент болгондон тартып, Жапарова COVID-19 пандеиясына байланыштуу ооруну алдын алып жана аны менен ооругандарга жардам бере баштаган.

Казакстандын ханайымы

2019-жылга чейин Казакстанда бир эле биринчи айым болгон. Ал Нурсултан Назарбаевдин жубайы — Сара Назарбаева. Ал 1991-жылдан тартып ханайым болуп келген.

Нурсултан Назарбаевдин дээрлик 30 жыл башкаруусунан кийин казакстандык ММКлар ханайымдын аты – Надежда Давыда экендигин жазышкан. Ал Орусиянын Нижний Тагилде туулган.

1263045.0afc94eb9b4cbcfbea6b21faafec54f1.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Надежда Давыдовна Токаева

Бир жумадан кийин эле, Токаевдин расмий статусу ачыкталып, ал — «ажырашкан» экендиги маалым болгон. Алар качан ажырашканы айтылган эмес. Надежда Давыдовна менен Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда Тимур аттуу уулу бар, ал 1984-жылы туулган. Ачык булактарда Тимурдун нефть тармагында иштегени жазылган.

Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова

1263046.3665af414d42c0048007940cbecc5a38.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Зироатхон Хошимова

Коомчулук Өзбекстандын ханайымы менен Шавкат Мирзиеев Кытайга 2017-жылдын май айында расмий визити менен барганда гана таанышкан.

1263058.8d78ec759cfda18a276574256e156e64 1.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү

Буга чейин Зироатхон Хошимова, премьер-министрадин жубайы болуп, бирок, бир да светтик иш чараларда жарыкка чыгып, камералар алдынды турган эмес.

Зироатхон Хошимова тууралуу Шавкат Мирзиеев президенттикке талапкерлигин койгондо гана коомчулук аны менен учкай таанышкан. Анда талапкердин баскан жолу жана жубайы тууралуу жазылган.

Зироатхондун атасы Махмуджон Хошимов Фергананын бай адамдарынын катарына кирген. Ал Кокондогу темир жолунда иштеген жана вагон-ресторандарды курган.

Хошимова Ташкенттеги сугат жана мелиорация институтун аяктаган. Кесиби — инженер-экономист. Адистиг боюнча иштебейт, кожойкеси.

Зироатхон Хошимова менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги айыл чарба институтунда таанышып, баш кошушкан. Ал убакта Мирзиёев комсомолдун комитетинин секретары болгон, ал эми Хошимова — студент болчу. Никеден кийин Хошимова фамилиясын которгон эмес.

1030358489 93 0 634 541 1920x0 80 0 0 264243c0d8c4f93635b7883a4ed0f327 Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Зироатхон Хошимова жана Шавкат Мирзиёев

Зироатхон Хошимова Эл аралык «Замин» фондунун тораымы болот. Ал онлайн-эфиринде фонддун атынан чыгып, майыптык бул проблема эмес деген. «Майып болуу бул – медициналык проблема эмес, бул адамзаттын проблемасы» деп белгилеген.

Тажикстандын ханайымы Азизмо Асадуллаева

1263047.a6be1d34033e689ee81556ea9b19cfb4.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Азизмо Асадуллаева

Эмомали Рахмондун жубайы эл алдына чыга бербейт. Ал тууралуу маалымат аз. Расмий аталган аты Азизмо Асадуллаева. Жолдошун башка мамлекеттерде ээрчип барбайт. Азизмо 9 баланын энеси: 7 кыз жана эки эркек.

5q1AjfJvGtw 1.jpg Орто Азиянын ханайымдары тууралуу эмне белгилүү
Азизмо Асадуллаева жана Эмомали Рахмон

Азизамо Рахмонова коомчулукка эки жолу чыккан. Биринде Эмомали Рахмон Малайзияга 2014-жылы барганда гана пайда болгон.

2013-жылы Рахмон бизнес коомчулугу менен жолукканда анын жубайын мамлекеттин бизнес Ассоциациясынын башчылыгына алып келебиз дегенде, ал макул болбой койгон. Рахмондун пикиринде аял киши болгондо да анын жубайы балдары менен жана оокат менен алек болуусу керек.

Туркменистана Огульгерек Атаевна Бердымухамедова

Огульгерек Бердымухамедова 2007-жылдан бери Лондондо жана Ашхабадда жашайт. Ал салттуу жабык кийимдерди кийинет.