Марс Сариев: Балким Байсалов атайы резонанс жаратуу үчүн сүйлөп жаткандыр

Эдил Байсалов 14-ноябрь күнү өзүнүн Facebook баракчасында Өмүрбек Текебаевге катуу жооп берди. Бийликке кеңеш айтууга акысы жок экенин айтып, өкмөт өз ишин так жасап жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу BULAK.KG сайты саясат таануучу Марс Сариевден комментарий алды.

“Эдил Байсалов бейөкмөт секторунда иштеп, активист катары жүргөн киши эле. Менимче, ал мындай жарандык пикирин билдирип, сөздөрдү айтууга акысы бар. Бирок, өзү дипломат болгондон кийин катуу айтып жатканын туура эмес көрөм. Берген жооптору, кайрылуулары одоно болуп жаткандай. Балким, ал атайын резонанс болсун деп дал ушундай маанайда сүйлөп жаткандыр. Кандай болсо да, алардын саясатчы болгонун эске алып, өз позицияларын билдирип жатканы түшүнүктүү эле.

Эми азыркы бийликке ачык оппозиция жок деп эсептейм. Ооба, бөтөнчө бир позициясы бар, өлкөнү өнүктүрүүгө азыркы бийликтен айырмаланган концепциясы бар. Ошентсе да, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагындагыдай күчтүү оппозиция учурда жок. Себеби, азыр алардын колунда керектүү ресурстары жок болуп жатат. Садыр Жапаровду элдин көбү колдоп жатканына байланыштуу, оппозиция андай колдоону элден таба албай жетиштүү деңгээлде күчтөнө албай жатат.

Байсалов менен Текебаевдин ортосундагы катуу диалогдо Текебаев күчтүүрөөк позицияда деп айтса болот. Себеби, ким көбүрөөк куугунтукка кабылып, татаалыраак абалдагы оппозицияда болсо, драматургиянын негизинде эл алар тарапта болот. Байсалов бийликте болгону үчүн элдин көбү аны кошомат кылып жатат деп эсептеп жаткандай туюлууда”.

YouTube video