Ошто жер силкинди

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-ноябрда саат 04:34тө Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

«Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районунун Сөгөт, Будайлык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.