Эдил Осмонбетов: Дүйнөлүк практикада бийлик адамдары оппозицияга жооп бербейт, дискуссияга чыкпайт

Өмүрбек Текебаев менен Эдил Байсаловдун ортосундагы талаш тууралуу BULAK.KG сайтына саясат таануучу Эдил Осмонбетов ою менен бөлүштү.

“Мамлекеттик кызматта иштеген ар бир кызматкердин өзүнүн этикасы болот. Ошондой эле, алардын ар бири өзүнүн функционалдык түз милдетин аткарышы керек. Кыргызстандын соцтармагында нечендеген чечиле элек маселелер бар да. Дүйнөлүк практикада мамлекеттик чоң кызматтарда жүргөн кишилер оппозицияда жүргөн адамдарга жооп бербейт, дискуссияга да чыкпайт. Кыргызстанда да ошондой саясий маданият болсо жакшы болор эле.

Саясат таанууда “оппозиция” деген терминдин бир эле мааниси бар. Оппозициялык маанайдагылар тек гана сын пикирлерди айтып, дискуссияларга гана бара бербестен, тиешелүү программаларын да көрсөтүп, таанытышы керек. Бүгүнкү күндө мен оппозиция ким экенин так айта албайм. Текебаев менен Байсаловдун ортосундагы кайым айтышуу боюнча да баа бере албайм”, – дейт Эдил Осмонбетов.

YouTube video