Бишке-Ош унаа жолундагы кырсыктан каза болгондордун саны 8ге жетти

Бишкек-Ош жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган кырсыктан ооруканага жеткирилген 15 жаштагы кыз да каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Ош облустук ооруканада азыр 6 адам жатат, абалдары оор. Травматологияда 2 адам, абалдары орто. Ал эми шаардык ооруканага бир адам жаткырылган. Балдар ооруканасында 2 жаш бала бар”, – деди басма сөз кызматы.

Кечээ, 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып 7 адам каза болгон.