Дагы 19 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышпайт

 

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 19 арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, 2021-жылы 28-ноябрга белгиленген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан катышууну каалаган талапкелердин саны 302ни түздү.

Атап айтканда, КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти:

  1. Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  2. Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  3. Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  4. Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  5. Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  6. Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  7. Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  8. Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  9. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  10. Чодуев Эркинбек Урайымович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  11. Нусубалиев Токтоналы Сатарович, №21 Талас шайлоо окуругу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  12. Малдыбаева Салиман Жанузаковна, №36 Ысык-Көл шайлоо окуругу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  13. Жумабекова Акылсайра Кадыралиевна, №35 Ак-Суу шайлоо окуругу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  14. Карагулов Улан Айтбекович, №31 Чоң-Кемин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  15. Шакиров Асан Шакирович, №13 Сузак шайлоо окуругунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  16. Мирзакметов Нурболот Сабиржанович, №13 Сузак шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  17. Калматов Талас Сагынбаевич, №4 Көк-Жар шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  18. Карашев Аалы Азимович, №12 Өзгөн шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  19. Жаныбеков Боконбай Жаныбекович, №9 Кара-Суу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Ошентип, 2021-жылдын 11-ноябрына карата 302 талапкер шайлоого катышат.

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

• Баткен облусу – 37 талапкер;

• Ош облусу – 54 талапкер;

• Жалал-Абад облусу – 48 талапкер;

• Талас облусу – 14 талапкер;

• Чүй облусу – 62 талапкер;

• Бишкек ш. – 27 талапкер;

• Нарын облусу – 29 талапкер;

• Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.

«КР БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” бөлүгүндө талапкерлердин маалыматтары жана программалары менен таанышууга болот, ошондо эле талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалымат жайгаштырылган», деп айтылат маалыматта.