Нарындагы баннерди айрып кеткендер боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

Нарын ОИИБнын КККнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкери М.К. Нарын ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу “2021-жылдын 6-ноябрь күнү саат 18:05 чамасында Нарын шаарынын Батыш көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамадагы №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин илинип турган баннерин айрып кетишиптир” – деп билдирген.
Аталган билдирүү 06.11.2021-жылы, Нарын ШИИБү тарабынан маалымат-эсептөө журналына каттоого алынып, Нарын ШИИБнүн документтештирүү тобу окуя болгон жерге барган учурда, Нарын шаарынын Ленин жана Батыш көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын алдынкы бетинде илинип турган узуну 2,85 Х 1,8 метрди түзгөн №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин 2 даана баннерлери ортосунан ылдыйды көздөй айрылганы аныкталган.


Ушул эле күнү, Нарын ОИИБнын КККнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкери У.О. Нарын ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу “Нарын шаарыныдагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драмалык театрдын мандайындагы тосмодогу илинип турган Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешине №33 шайлоо окургунан чыккан талапкердин баннерин айрып кетиптир”, – деп билдирген.
Аталган билдирүү 06.11.2021-жылы, Нарын ШИИБү тарабынан маалымат-эсептөө журналына каттоого алынып, Нарын ШИИБнүн документтештирүү тобу окуя болгон жерге барган учурда, Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн №51 даректе жайгашкан “Бакай Банктын” имаратынын тушундагы Ленин көчөсүнүн жолунун түштүк четиндеги темир тосмого тагылган узуну 7,5 Х 1,5 метрди түзгөн №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин 1 (бир) даана баннердин оң чети ортосунан айрылып калганы жана ушул эле баннердин сол четиндеги 4 даана бекитилүүчү шакекчелерден жырылып калганы аныкталган.


Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча териштирүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдарда Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 94-беренесинде көрсөтүлгөн жоруктун курамы байкалгандыктан, 07.11.2021-жылы аталган 2 (факт) боюнча Нарын ШИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖжКнин 94-беренесинин негизинде 2 (эки) сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча, жоруктардын бетин ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 07.11.2021-жылы Нарын ОИИБнын ЭММКАКы тарабынан жорукка шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 1992-ж.т. Т.А. кармалып, күнөөсүн толук мойнуна алып, аталган аракеттерге өз-ара келишпестиктен улам баргандыгы жана аракеттер саясий мотивге ээ эместиги жөнүндө көрсөтмө берген.
Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө Т.А., №33 шайлоо округунун шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен байланышта тургандыгы аныкталган эмес.


Учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө иштери уланууда.