“Эл Үмүтү” партиясы №18 Жаштар аракетте! Теңир-Тоо эли “Эл Үмүтүнүн” талапкерлерин жылуу тосуп алды!

“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, эл менен жолугушуусун  улантууда. Бишкек жана Чүй облусунан кийин “Үмүт кербени” өз сапарын тоолу Нарын облусунан улады. Теңир-Тоо эли менен болгон алгачкы жолугушуу Ат-Башы районунун тургундары менен болду.  Кычыраган суукка карабастан, жаш саясатчылар менен жолугушууга жүздөгөн жергиликтүү тургундар, ак батасын берүүгө аксакалдар келишти. Ат-Башылыктардын меймандостугуна ыраазычылыгын билдирген Алмаз уулу Аскар партия жана анын курамы тууралуу кенен маалымат берди. Ошондой эле, социалдык түйүндөрдө партиянын тегерегиндеги айтылып жаткан терс маалыматтарга мындай түшүндүрмө берди:

 “«Эл Үмүтү” партиясынын мүчөлөрү бүгүн жалган жалаа, курулай асылуу, чабуулдардын бутасына айланды. Бизди жалган каралоолор менен элге жаман атты кылгылары келип жатат. Себеби,  биз 30 жыл бою өлкөнүн жана элдин канын соруп келген эски саясатчыларга жана алардын топторуна каршы чыгып, кекиртегине кылкан болуп сайылып жатканыбыз үчүн болууда. Алар бизден коркушат, бизге асылышат. Бирок бизге бул ыплас каралоолор жолтоо боло албайт. Эл калыс, кеменгер. Элибиз ак менен караны ажырата билет. Биз туура жолдо баратабыз!” – деди.

foto 1 el “Эл Үмүтү” партиясы №18 Жаштар аракетте! Теңир-Тоо эли “Эл Үмүтүнүн” талапкерлерин жылуу тосуп алды!

Ал партиянын бардык талапкерлери ачык-айкын иштеп, айрым башка партияларга окшоп, шайлоочулардын добушун сатып алып, добушту уурдап, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенбесин баса белгиледи. 

Партия лидери өзүнүн Россиядагы мигранттык турмушун эскерип, аны элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө нарындык кыз-мигранттар түрткү болгонун да кошумчалады.

«Мен Москвада официант болуп иштеп жүргөндө, кафеден Нарындан барышкан эки кыргызстандык жаш кызга жолугуп калдым. Алар акча табыш үчүн башкалардын документи менен иштеп жүрүптүр. Менин да ошолордун курагындагы карындаштарым бар. Мен кыргыздын кыздары өз жеринен алыста кыйналып жашашын каалабайм. Мына ошондо карындаштарыбыз, бир туугандарыбыз өз Мекенинде, өз үйүндө жашап жана иштеш үчүн колдон келген нерсенин баарын жасайм деп өз алдыма максат койгом. Ошол күндөр келди. Мүмкүн, биз башкаларга окшоп кооз сөздөрдү айталбас чыгарбыз, бирок биздин жүрөгүбүздө элге кызмат кылуу деген каалоо, жылуу сезим бар», – деди. 

“Эл Үмүтү” партиясынын лидеринин чын жүрөктөн чыккан сөзү Ат-Башы элинин дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолду.  

Ошондой эле, алдыдагы шайлоого “Эл Үмүтү” партиясынын тизмесин баштап бара жаткан талапкер Болот Ибрагимов да шайлоочуларга кайрылып, “Мен көп жылдан бери укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу үчүн күрөшүп келем. Бул убакыттын ичинде эмнелер гана кылышкан жок. Башыма пакет кийгизишти, тумчуктурушту. Мен баш ийген жокмун, чет өлкөгө качып кетпедим. А андай мүмкүнчүлүктөр болду. Отуз жылдын ичинде үч революциянын күбөсү болдук. Бирок адамдардын аң сезиминде революция боло элек. Андыктан мен Жогорку Кеңешке барууну чечтим. Көптөр саясат булганыч нерсе деп айтышат. Бирок ал ыплас нерсени саясатка ыплас саясатчылар апкелишет. Биз саясатка өлкөнү жакшыртуу, эл алдында чынчыл болуу үчүн баратабыз” – деди.

Ат-Башы районунун тургуну, пенсионер Фатима Шадыбекова, “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерине ак тилегин билдирип, буларды айтты:

“«Эл Үмүтү» партиясы жаштардан турат. А жаштар биздин келечегибиз. Алардын ойлору таза. Андыктан биз «Эл Үмүтү» партиясын колдойбуз. Мен бул жаш жигиттер жана кыздар өз элине ак кызмат кыла турганына ишенем. Аларга ак жол каалайм!” – деди.

Андан соң, ат тизгинин Нарын шаарына бурган “Үмүт кербенин” Нарын шаарынын жана Нарын районунун эли тосуп чыкты. Нарында өткөн жолугушуу да кызуу маанайда өтүп, көптү көргөн кыраакы карыялар жаш саясатчылардын тамырын тартып көрүштү:
“Биз силерди билебиз! Кандай көйгөйлөрдү чечели деп жатасыңар? Силердин программаңар кандай? Өзүңөр тууралуу ар бир участкага маалымат жайгаштыргыла” – деген Токтобек Керимбаев аксакал “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерин көп тоскоолдуктар күтүп турганына да токтолуп өттү. “Силерге бир нече так жана айкын милдеттерди чечүүгө ой топтошуңар керек. Эгер силер Нарын облусунун бюджетине “Кумтөрдөн” 1% которто алсаңар, анда жакшы. Бул абдан туура болот” – деп кошумчалады.

foto 5 el “Эл Үмүтү” партиясы №18 Жаштар аракетте! Теңир-Тоо эли “Эл Үмүтүнүн” талапкерлерин жылуу тосуп алды!

Аксакалдын бул сунушуна партия лидери Алмаз уулу Аскар жооп катары “Эл Үмүтү” партиясы «Стратегия -2030» программасын иштеп чыкканын айтып, ошондой эле “Үмүт кербенинин” жүрүшүндө элден түшкөн сунуш жана каалоолорду топтоп, аны партия мүчөлөрү өзүбүз үчүн милдет катары иштеп чыгаарын кошумчалады. Жана да партиянын алдыдагы эң негизги милдеттеринин бири бюджетти акыйкат бөлүштүрүп, социалдык долбоорлорго жана өнүгүүгө басым жасоо экенин билдирди.

Талапкерлердин жообун кунт коюп уккан соң, Токтобек Керимбаев аксакал: «Урматтуу калайык-калк, мен силерди жаштарды колдоого чакырам”, -деп элге кайрылды.

“Үмүт кербенинин” Теңир-Тоо эли менен жолугушуусу Жумгал жергесинде жыйынтыкталды. Чаек айылындагы жолугушууга жаш муундун өкүлдөрүн колдоп келген эл партиянын программасы менен жакындан таанышып, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында аксакал аталар алакан жайып, ак батасын берип, “Үмүт кербенинин” улуу сапарына ийгилик каалап, атказышты.

foto 3 el “Эл Үмүтү” партиясы №18 Жаштар аракетте! Теңир-Тоо эли “Эл Үмүтүнүн” талапкерлерин жылуу тосуп алды!

«Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп» Бишкек шаары, Юг-2, 9-41. Басылган күнү «9» ноябрь 2021-ж. «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.