«Хизбут-Тахрир» уюмунун лидери кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, КР түштүк аймагы боюнча «Хизбут-Тахрир» ДЭУ лидери аталган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-ноябрында, Өзбекстан Республикасындагы «Хизбут-Тахрир» ДЭУ ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жооптуу адамы, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында «Хизбут-Тахрир» түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн, Өзбекистан Республикасы тарабынан издөөгө алынган Ш.Ш. аттуу жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Такталган боюнча, кармалган Ш.Ш. жасалма документи менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды.
Топтолгон далилдердин негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ш.Ш. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.