Коронавирустан 2 киши каза тапты, 78 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 5-ноябрга карата коронавирус дагы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 642 бейтап, амбулатордук түрдө 798 адам дарыланууда.