Никитенко: “Силер эмне жумуш кыласыңар?”


“Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, кайра түзүлдү. Бул жерде мындан да курч маселе бар, киберкоопсуздук, тыңшоолор тууралуу иштин баарын УКМК жасап жатканда силер эмне жумуш кыласыңар, силердин функция кандай?”. Мындай суроону бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко аталган мекеменин жетекчисинин орун басарына узатты.

Ал кайсы тыңшоолор экенин депутат тактап кетүүсүн өтүндү. Никитенко “Бул тууралуу баары түшүнүп турат“, – деди. Ал эми министрдин орун басары Талант Калыков: “Ар бир органдын өзүнө тиешелүү кызматтары бар”,- деди.

Андан соң Никитенко Санариптик өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн структураларынын бирдиктүү “Түндүк” порталын чоң каражат жумшоо менен түзгөнүнө токтолуп, эми бул порталдын иши кандай уланарын сурады.

“Жарандар аткаминерлерден көз каранды болбосун деген ой менен ушул портал чоң эмгек, каражат менен түзүлгөн. Азыр аны иштетип жатасыңарбы, канча орган ага кирди?“, – деди Никитенко.

Буга Калыков: учурда “Түндүк” порталы иштеп жатат. 5 ири мамлекеттик орган кошулган. Учурда аны иштетүү уланууда жана анын кызматтары жакшырууда”,-деп жооп узатты.