Кыргызстан менен Казакстан жүк унааларын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Бул тууралуу 3-ноябрда Жогорку Кеңштин жыйынында экономика жана соода министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Депутат Саматбек Ибраев Казакстан менен чек арада жүк ташуучу унаалардын чакырымга созулган кезеги кайрадан пайда болгонун айтты. Арасында айыл чарба өнүмдөрүн ташыган унаалар да болушу мүмкүн. Ибраев экономика министринин орун басарынан кезектин себебин сурады.

Бекболот Алиев жүк ташуучу унаалардын топтолуп калганынан кабарсыз экенин айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстан Казакстан менен бир нече жылдан бери чек арадагы чектөөлөрдү алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 2019-жылдан баштап эки өлкө жүк унааларын текшербей өткөрүү механизмин сынактан өткөргөн. Долбоор аяктагандан кийин сүйлөшүүлөр кайра уланган.

«2020-жылы августта эки өлкөнүн премьер-министрлери жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө протоколго кол коюшкан. Ушул протоколго ылайык, навигациялык пломбасы жок унаалар гана текшерилмей болгон. Биз азыр жүк унааларын өткөрүү тартибин чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, тактоо иретиндеги суроолор гана калды. Бажынын жаңы жетекчиси да бир нече идеаларды айтты. Жакында бардык маселени чечебиз деп ойлойм», — деди Алиев.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унааардын узун кезеги пайда болуп турат. Чек арадагы катуу көзөмөл эки өлкө ортосунда талаш-тартыштын бутасына айланган. Чыр Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен.

Кыргызстан менен Казакстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө. Уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда товар эч кандай тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Иш жүзүндө биримдикке мүчө өлкөлөр ич ара бири-бирине ар кандай чектөөлөрдү киргизип келишет.