Бакай Кашкарбаев соттун чечими менен үй камагына чыгарылды

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.

Президент Садыр Жапаровдун тарапташына КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү», «Кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү» жана «Кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү» , “Ээн баштык”беренелери боюнча кылмыш жасаган деп шектелген билдирүү берилген эле.

Бакай Кашкарбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган.