Активист Бакай Кашкарбаев камакка алынды

Бишкек шаарында активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн 30-октябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, Бакай Кашкарбаевге карата сотко чейинки бир нече тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алар — Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-пункту (бийлик өкүлүнө коркунуч же зомбулук келтирүү), 344-берененин 1-бөлүмү (кылмыш жасалганы тууралуу жалган билдирүү), Жоруктар кодексиндеги 119-берене (майда бейбашчылык).

Шектүү Б.К. (1976-жылы төрөлгөн) убактылуу камакка алынды. Тергөө уланып жатат.