Баткенде күйөө баласынын өлүмүнө шектелип кайнагалары кармалды 


382779 052 Баткенде күйөө баласынын өлүмүнө шектелип кайнагалары кармалды 382779 052 Баткенде күйөө баласынын өлүмүнө шектелип кайнагалары кармалды 382779 2 Баткенде күйөө баласынын өлүмүнө шектелип кайнагалары кармалды Баткен облусунда күйөө баласын эки кайнагасы мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактардын билдиргени боюнча маркумду эки кайнагасы өлтүрүп, жиликтеп дааратканага салып үстүн топурак менен көмүп салышкан.
Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы “адам өлтүрүү” фактысы болгонун ырастап, төмөнкүлөрдү билдирди.
“17-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып үйгө кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милицияга кайрылган.Бул факты Баткен РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштаган. Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары Баткен шаарынын Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси 28 жаштагы Ж.Н. аныкталып кармалган. Бул факты өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилген”, – деп жазылат маалыматта.