Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министрине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Ханга жер титирөө учурунда адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат.

«Белужистан провинциясынын Харнай районундагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.