31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Нарын шаарынын мэри шайланды. Бул боюнча мэриянын басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-октябрь күнү Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Ага Нарын шаардык кеңешинин 31 депутаттын ичинен 16 депутат добуш берген.

Өмүр баяны:

Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары “Ала-Тоо” эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:– 2021-жылы “М.СТАРД” курулуш компаниясынын директорунун орун басары;- 2020-2021-жылдары С.Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;- 2017-2018-жылдары “Азия банкынын” насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;- 2016-2017-жылдары “Бакай банкынын” насыялык бөлүмүнүн башчысы;- 2015-жылы “Бакай банкынын” насыялык эскперти;- 2013-2015-жылдары KICB банкынын насыялык эскперти.Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.