Баштыкка оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылды

Бишкектин көчөлөрүнүн биринен баштыкка оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда көчөдө өтүп бара жаткан шаардыктар баштыкка оролгон наристенин жансыз денесин таап алышкан. Алар дароо саат 11:55тер чамасында Свердлов районунун ИИБне маалымат беришкен.

“Бул факты Свердлов районунун ИИББнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Соттук -медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча тергелип жаткан иш боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Учурда тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда”, — деп берилет маалыматта.