Азиз Батукаевдин бошотулушу. Жогорку сот ишти кайра карайт

Жогорку сот мыйзамдагы ууру аталган, кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кайрадан карайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирген.

Ал белгилегендей, Башкы прокуратуранын биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгаруу сунушун Жогорку соттун коллегиясы колдоду.

«Биринчи жана экинчи инстанциялардын чечимдери ошол бойдон күчүндө калат. Эми Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата чара көрүүнү кайра карап чыгат. Мындан сырткары, сот бул иш боюнча башка жактоочулардын арыздарын карап чыгат. Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу ану актоо сунушун киргизет», — деди Сергей Слесарев.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан. Экс-прокурор Индира Жолдубаеваны 5 миллион сом айыпка таккан. Мурунку жаза аткаруу башкармалыгынын башчысын (Калыбек Качкыналиев) — 2 жыл эркинен ажыраткан. Ал эки жыл абакта жазасын аткаргандыктан, сот залынан эркиндикке бошотулган. Академик Абдухалим Раимжановдун да күнөөсү бар экени далилденген, бирок кылмыштын убагы  өтүп кеткендигине байланыштуу ал да жоопкерчиликтен бошотулган.

16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылды кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. 2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн болчу.