Айпери Медет кызы Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасындагы Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.

Бул тууралуу спортчу кыз “Sputnik” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Негизи дүйнө чемпионатына жакшы даярданып барганбыз. Олимпиададан кийин жакындарым, машыктыруучуларым, элим менден алтын күтүшкөн. Тилекке каршы, алардын үмүтүн актай албай коло тагынып, өзүмө ыраазы болбой калдым. Осло шаарынан келгенден кийин агайларым “ушуну менен жылды жыйынтыктайбыз” дешти. Бирок мен 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышуу ниетимди билдирдим. Азыр мелдешке даярданып, машыгып жатам”, – деди балбан кыз.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербия шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, 76 килограмм салмак менен күрөшкөн Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль утуп, дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга көтөрүлгөн.