Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга кышка даярдык көрүнүү эскертишти

Каракол шаарында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү жүргүнчүлөрдү ташычуу мекемелеринде болушуп, айдоочулары менен кезигишти. Кезигүүнүн негизги максаты болуп, автоунааларды кышкы мезгилге дыкаттык менен даярдоо болду.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын техникалык көзөмөлдөө тобунун ага тескөөчүсү Мунарбек Асаналиевдин айтымында, айдоочулар азыртадан баштап, автоунааларын кышка тийиштүү даярдыктарын көрүү абзел. Баарынан мурда, автоунаанын техникалык абалына, жарык берүүчү жана терезе тазалоочу шаймандардын, электрзымдарынын, аккумулятордун зарядынын туура иштеп жатканына өзгөчө маани берилиши керек.
Ошондой эле, айдоочуларга автоунааны кышта айдоо ыкмасына өздөрүн психологиялык жактан келтирүү керек. Күзгү-кышкы мезгилде жолдо жүрүүнү өзгөчө көӊүлгө алып, жол эрежесинин талаптарын кыйшаюсуз аткарууга милдеттүү. Автоунаалар арасындагы тийиштүү аралыкты сактап, катардан катарга тез которулуудан сак болуп, жол коопсуздугуна өзгөчө маани менен кайрылуу туура болот.

WhatsApp Image 2021 10 19 at 13.50.48 Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга кышка даярдык көрүнүү эскертишти

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы