Эс алуу күндөрү республика аймагында рейд өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдор жана көчөлөрдө жол кырсыктарын алдын алуу максатында эс алуу күндөрү жол кыймылын камсыздоо башкармалык жана бөлүктөрдө күчөтүлгөн тартипте иш чара өткөрүлдү.
      Иш чаранын жүрүшүндө ичимдик ичип алып мас абалда унаа башкарып, одоно жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга катуу көңүл бөлүндү.
      Жалпысынан эс алуу күндөрү эле республика аймагында 7718 жол
эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды, анын ичинде:
– 69 тийешелүү документтери жок унаа башкарган айдоочулар,
– 121 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас
абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга бергендер,
– 1079 транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген
ылдамдыгынан ашкандар,
– башка жол кыймылынын эрежелеринин бузуулары- 6449 болду.
Жол кыймылынын эрежелерин бузган үчүн 372 даана унаа каражаты унааларды
атайын токтотуучу жайга киргизилди.
       Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ курамы тарабынан мындай иш чаралар улантылууда, жол кыймлынын катышуууларын эрежелерди сактоого чакырабыз!