Жол кырсыгынан 2 адам каза болду, 3 өспүрүм жаракат алды

Кемин районунун Ударник айылындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болду.

Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда ӨКМден кабарланды.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ленин көчөсүндө болгон. Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган С.Т. аттуу бала, 1 кыз каза болгон. Учурда кыздын аты-жөнү такталууда. Аларга катар эле дагы 3 өспүрүм бала жабыркаган. Алардын дагы ысымдары такталууда. Куткаруучулар каза болгондорду жана жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.