Жапаров: “Центерра” Кыргызстанга Кумтөрдү калтырууга даяр, бирок бир шарты бар”

“Центерра Голд Инк” компаниясы Кыргызстанга Кумтөр алтын кенин калтырууга даяр. Бул тууралуу өлкөдөгү басылмалардын бирине Акылбек Жапаров билдирген.

Анын айтымында, «Центерра» бир шарт койгон – Кыргызстан компаниядагы үлүшүнөн баш тартышы керек.

«Учурда соттук териштирүү уланууда», – деп кошумчалады Жапаров.

Буга чейин Женева шаарында Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду бүткөн. Кыргызстанга «Центерранын» жетекчиси Скот Перриден бейтарап жерде сүйлөшүү жүргүзүү сунушу келип түшкөн.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Женевага ошол учурда экономика жана каржы министри болуп турган Акылбек Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк барган.