Филармонияда Чолпон-Ата шаарындагы реабилитациялык борбордун курулушуна каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтүүдө

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, чет элдик компаниялардын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Марафондун максаты — жыл бою жалпы республикадан келген балдар реабилитациядан өтө турган комплекстин курулушун бүтүрүүгө каражат тартуу. Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн табигый климаты жана суусу, ылайы менен дарылоо шарттарын эске алып, чет өлкөдөн бейтаптарды тартуу пландалууда. Бул өлкөдө медициналык туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Комплекс 8 бөлүмдөн турат: аллергия, онкология, пульмонология, акушердик жана гинекология бөлүмдөрү, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика, неврология, ошондой эле эс алуу бөлүмү, клиникалык лаборатория, тамактануу жана кир жуучу жайы.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө реабилитациялык борбордун курулушу 2000-жылдын башында башталганы менен каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калганын белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын мартында ал имаратты карап жана курулушту аяктоо тапшырмасын берген. Комплексти 2022-жылдын 1-июнунда ачуу пландалууда.

Президент борбордун курулушу «Мээрим булагы» фонду тарабынан башталганын жана борбор алгач «Алтын Балалык» деп аталып, бирок кийин ал «Өмүр булагы» деп өзгөртүлгөнүн белгиледи. Садыр Жапаров комплекске мурунку аталышын кайтарууну тапшырганын, анткени тарых өзгөртүлүп жазылбай турганын жана бирөөнүн эмгегин эч ким уурдабашы керектигин белгиледи.

Президент Мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 млн сом, ошондой эле биринчи айым Айгүл Жапарова Президенттин үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом берди.

Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин атынан 3 млн сомго сертификат тапшырды.

Кайрымдуулук иш-чарасынан бардык катышуучулар дагы өз салымдарын кошту.