Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү

FS 70kg - Ernazar AKMATALIEV (KGZ) df. Evgenii ZHERBAEV (RWF)

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты. Жаңыланган рейтинг Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Акматалиев Осло шаарында 70 килограммга чейинки салмак ченинде мелдешип, финалга чейин жетти. Финалдын жыйынтыгында 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынган.

Муну менен балбан 40 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингдеги 3-орунду ээледи.

Бул чемпионатта 3-орунду ээлеген Алибек Осмонов да (65 кг чейин) 37 упай топтогон. Анын жыйынтыгында дүйнөлүк рейтингдеги 34-орундан 9-орунга жылды.

1247449.31fd253bed95dafef8c71ac4ae19ed5b Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү