Рафаэль Физиев дагы бир билдирүү кылды

UFC мушкери Рафаэль Физиев дагы бир билдирүү жасады. Ал билдирүүсун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

“Мен Кыргыз өлкөсүндө мени чындап колдогон күйөрмандарым көп экенин түшүнөм. Сиздерге өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем. Мен өлкөдөн кетүү үчун эч качан себеп издеген эмесмин, мен бирөөгө бир нерсени далилдегим келген жок. Мен болгону ар кандай ыпластыктан тажадым. Мен кайсы бир өлкөнүн атынан чыкпасам ыпластык азаят. Чыныгы күйөрмандарга айткым келгени мен дайыма жакшы көрсөткүчтөрдү көргөзгөнгө аракет кылам. Колдооңуздар үчүн рахмат” – деп жазып калтырган спортчу.

Айта кетсек, Физиев буга чейин ага муфтияттын өкүлдөрү тарабынан басы болгонун айтып, мындан ары Кыргызстандын атынан чыкпай тургандыгын айтып кайрылуу жасаган. Ал эми муфтият бул маалыматты төгүндөгөн.