Чүй облусунун ИИББы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын азгырыктарына алдырбоого чакырат

YouTube video

Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын көпчүлүгү өз катарларына адамдарды тартуу жолдорун интернет аркылуу жана башка жолдор менен ишке ашыраары анык. Алгач таанышуу, кийин баарлашуу аркылуу өздөрүнүн ишенимине киргизип алышаары белгилүү.
Көбүнчө алар өз катарларына, адамдар менен аз байланышта болгон жана оор кырдаалдагы адамдарды тартып алууга жөндөмдүү.
Андыктан интернет түйүндөрү аркылуу же башка жайларда бейтааныш адамдар менен таанышып, пикир алышууда, алар жөнүндө кенен маалыматтарды алууга аракет кылыңыз. Бейтааныш адамдар тарабынан жумуш түрлөрүн сунуштаса алардын мыйзамдуулугун билүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан кеңеш алуу маанилүү.
Чүй ОИИББы эскертет: Эгерде кандайдыр-бир шектүү адамдар түрдүү азгырыктарга чыкырганы байкалса же тыюу салынган уюмдар менен мамиледе болгон жарандар тууралуу маалыматтар болсо тез арада ИИОго кабарлоо зарыл.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы