Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош шаардык милициясын текшерди


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Ош шаарына иш-сапары менен текшерди.
Ал, Ош шаардык ички иштер башкармалыгында, башкармалыктын Ак-Буура жана Сулайман тоо милиция бөлүмдөрүндө, Ош шаардык ИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматында болду. Кызматкерлер жумуш кааналарында болуп, алардын кызмат шарттары менен таанышып чыкты. Кызмат учурунда пайда болуп жаткан айрым маселелерди сурады. Аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу зарылдыгын белгилеп, бөлүмдөрү менен кызматтарында болуп, алардын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып чыкты. Аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада жоюу талабын койду.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматында болгон министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлердин атайын каражаттары, авто-мототехникалары жана нөөмөт бөлүмү менен таанышты. Кызмат учурунда пайда болуп жаткан айрым маселелер боюнча сурады. «Бүгүнкү күндө жаӊыдан түптөлүп келе жаткан милициянын кайгуул кызматына элдин ишеними чоӊ. Ошол ишенимди жоготпой, элге чын дилден кызмат өтөөнү уланта бериӊиздер. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбошу керек. Бүгүнкү тартиптегидей кызмат өтөө улансын. Мамлекет Сиздердин ак кызматыӊарды дайыма колдоого даяр»,- деп билдирди Октябрь Урмамбетов.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Ош шаардык ички иштер башкармалыгында башкармалыктын Ардагерлер кеӊешинин иши менен таанышып чыкты. Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Касым Кадыров менен болгон баарлашыуусунда ИИО ардагерлеринин бүгүнкү күндөгү абалына, ден соолугуна кызыкты, зарыл болгон жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгилеп өттү.
Андан соӊ, башкармалыктын бөлүм менен кызмат башчылары менен жыйын өткөрүлдү. Жыйында бүгүнкү Ош ШИИБнын кызматкерлерине өткөрүлгөн окуу айгайынын (учебная тревога) жыйынтыктары айтылды. Октябрь Урманбетов кызматкерлерге мыйзамдуулукту коргоп, кызматтык тартипти бекем сактоону талап кылды. «Ар бир кызматкер жарандык коомдун мүчөсүнө өзүнүн жүрүм-туруму, мыйзамдуулукту сактоосу менен үлгү көрсөтүшү керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жарым жылдын жыйынтыгы менен өткөн коллегиясында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталып иштелип чыгарылган негизги 4 талапты аткаруу зарыл» – деп баса белгиледи. Ошондой эле жыйында алдыда келе жаткан ири саясий иш-чара учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы көрүлө турган иш-чараларды талкууланды.
Чогулуштун жыйынтыгында, ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун кызматкерлердин эч бир шайлоо процессинде кийлигишпөөсү жана үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы боюнча талабы өздүк курамга дагы бир ирет каттуу эскертилди.

Ош шаардык ИИБнын
Басма сөз кызматы