Эрулан Кокулов: “Депутаттыкка эл укугун коргоо үчүн баратам”

11-октябрь күнү “Ынтымак” партиясы кезектеги курултайын уюштуруп, алдыңкы парламенттик шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмесин бекитти.

Аталган партиянын атынан депутат болууга Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Алмамбет Шыкмаматов, Балбак Түлөбаев, Адинай Марипова, Чыңгыз Макешов ж.б. талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Алар менен катар эле, Кыргызстанда белгилүү “Не сахар” долбоорунун автору Эрулан Кокуловдун дагы аты белгилүү болду.  

Учурдан пайдаланып Bulak.kg сайтынын кабарчысы бул жаңылык боюнча Эрулан Кокулов менен байланышып, анын саясатка аралашуусуна эмне себеп болгондугун сурап билди.

Анын айтымында, саясатка баруу бул өзүнүн гана жеке чечими эмес. “Өзүңүздөр билгендей, кызматым эл укугун коргоо. Жумуш ушундай чечимди кабыл алууга түрткү болду. Мен өз жумушумду блогерликтен баштагам. Чындыгында блогер болуп, мындай жумушту аркалоо оңойго турбайт. Ошондуктан журналистика жаатына өткөм. Эми ушул аткарып жаткан жумуштарымды дагы жеңилдетип, анын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жатам”, – деп билдирди.

Муну менен катар эле, Эрулан Кокулов саясат аны элден эч кандай алыстатпай тургандыгын, элдин укугун коргоо үчүн бул кадамга барып жаткандыгын баса белгиледи.