Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды

Кыргыз ССРинин эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, «Данакер» орденинин кавалери, көрүнүктүү опера ырчысы (сопрано) Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Коштошуу зыйнатында КР иинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРнын эл артисти Дарика Жалгасыновалар сөз сүйлөп, эскеришти.

Анда опера ырчысынын чыгармачылыгы, педагогикалык ишмердүүлүгү жана адамдык парасаты туурлауу жылуу пикирлер айтылып, көптөгөн опера ырчыларын тарбиялагандыгы белгиленди.

Акыркы сапарга узатууга маданият тармагынын өкүлдөрү, Ирина Деркембаеванын туугандары жана коомчулук катышты.

Маркумдун сөөгү «Ала- Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

Белгилей кетсек, Ирина Деркембаева 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.

1978-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеген.