
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстан, Түркия, Ливан, Пакистандын биринчи айымдары жана башка жогорку даражалуу коноктор менен биргеликте көргөзмөгө барды.
Биринчи айымдын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалгандай, көргөзмө 21-22-октябрда Самарканд шаарында өтүп жаткан “Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу” дүйнөлүк саммитинин алкагындагы уюштурулган.
Көргөзмө Өзбекстанда ар бир баланын ден соолугун сактоого, укуктарын коргоого жана дараметин ачууга багытталган реформаларга арналган.
Көргөзмөнүн максаты — балдарга салынган инвестициялар үй-бүлөдө жашоого, ден соолукту сактоого, билим алууга, корголууга жана коомдун жашоосуна катышууга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн ачып көрсөтүү болуп саналат.






