Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт 

Бишкекте 23-октябрында саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык,өчүрүү иштери суу өткөргүчтөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет :

Айни көчөсү-Жунусалиев көчөсү-Гагарин көчөсү-Абдраимов көчөсү-Жунусалиев көчөсү-Чыңгыз Айтматов проспектиси.

Диаметири 400 мм болгон суу өткөргүчтү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.