Жүргүнчү ташыган автобус бир нече унаа менен сүзүштү

Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымдашкандай, автобус төрт унаа менен кагылышкан.

Окуя 22-октябрда саат 23:00 чамасында Бишкектин Курманжан датка жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, №166 каттамдагы автобустун айдоочусу Исакеев көчөсүнүн кесилишинен солго бурулганда KIA Morning жана Hyundai Sonata унаалары менен кагылышкан.

“Кагылышуудан кийин автобустун айдоочусу рулдук башкарууну жоготуп, BYD унаанын сүзгөн. Андан соң автобус кыймылын улантып, Volkswagen Passat менен кагылышып токтогон. Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган”, – дешет башкармалыктан.

Жабыркагандар:

  • 2009-жылы туулган KIA Morning`дин айдоочусу башынан жана денесинен жаракат алып, №3 шаардык ооруканага жаткырылган;
  • 2009-жылы туулган өспүрүм жамбаш сөөгүнөн жаракат алып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген;
  • Hyundai Sonata жана BYD үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары денесинен жеңил жаракат алып, медициналык жардам алуу үчүн тиешелүү медициналык мекемелерге кайрылышкан.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.