Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

Кыргызстанда1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, жөлөк пулдар төмөнкүдөй өсөт:

майып балдарга жөлөк пул 8 миң сомдон 11 миң сомго;

жетим балдарга 6 миң сомдон 8 миң сомго;

багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго;

баатыр энелерге жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго;

баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт.

Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат.

Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.