Жеке үй курулушуна аскерлерди иштеткен Улуттук гвардиянын командири кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскердик бөлүктөрүнүн биринин командирин кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өзүнүн жеке үйүнүн курулушуна кол алдындагы аскер кызматкерлерин ситемалуу түрдө иштетип келген деп шектелүүдө.

Бул факт 20-октябрда Аскер прокуратурасы менен биргеликте аныкталган. Курулуш иштерине тартылган аскер кызматкерлеринин арасында ошол учурда суткалык нөөмөттө тургандар да болгон.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду.

И. А. деген шектүү командир кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.